COVID-19га каршы 100 миң вакцина келди, бирок, эриткичи жок келген

Кыргызстанга 7-августта COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы 100 620 вакцинасы келди. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

"Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналарынын күтүлгөн дозасы Кыргызстанга келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз калкка жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат. Калган жарандардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - деп белгиледи Ишенапысова.

Маалымат үчүн:

Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн жактырылган. Анын натыйжалуулугу 95% түзөт. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң иштей баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эки доза менен эмдөө талап кылынат, ДССУ аларды 21-28 күн аралык менен алууну сунуштайт.

ДССУ COVID-19 инфекциясынын терс кесепеттерин эске алуу менен кош бойлуулук жана бала эмизүү учурунда Pfizer–BioNTech компаниясынын вакцинасын колдонууну сунуштайт.

Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде түзүлгөн, вирустарды камтыйбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт.

Каршы көрсөтмөлөр:

Вакцинанын кандайдыр бир компонентине анафилактикалык реакция. Эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс таасирлер: ийне сайылган жердин кызаруусу жана оорушу, чарчоо, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, бул белгилер 3 күндөн ашык эмес убакытта өз алдынча жоголуп кетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД