Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чѳгүп жаткан эже-сиңдилерди куткарып калышты

ИИМдин кызматкерлери сууга чѳгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 6-август күнү Ысык-Кѳл облусундагы "Алтын-Кѳл" пансионатында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары 32 жаштагы Г.Б жана 27 жаштагы М.Б аттуу эже-сиңдилерди куткарып калышкан.

Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳгүп, аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан. Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД