"Таатан" соода борборунан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсүндө жайгашкан "Таатан" соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүү иштерине ӨКМден 5 бөлүм тартылып, иш алып барууда. Ошондой эле кырсык орун алган жерге ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД