Майлуу-Сууда мыйзамсыз берилип кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жер тилкесин кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Мындан сырткары, КРнын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын бузуунун четтетүү үчүн, шаардык прокуратура тарабынын сунуштама келтирилип, жыйынтыгы менен 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жалпы 30 460.0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД