Бишкек шаарында 25-сентябрда салтка айландагандай, ар кайсы өлкөнүн спортчуларынын катышуусундагы "Snow leopard run-2022" ("Ак илбирсти сактайбыз") кайрымдуулук жарым марафону өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Мурдагыдай эле, чуркоону сүйүүчүлордүн старттык кирүү акысынан түшкөн каражаттын олуттуу бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) багытталат. Мисалы, 2021-жылы Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы үчүн "Нива" автоунаасы сатып алынган.