Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети эсе жогору. Мындай маалыматтар Италиянын Ден соолук жогорку институтунун акыркы баяндамасында камтылат:
Бүтүмдөр 12 жаштан жогору курактагы инфекцияга чалдыккан адамдарды изилдөөгө негизделген;
100 миң адамдын маалыматтары изилденген;
анализ бир айга 13-майдан 12-июнга чейин созулган;
Бүтүмдөр:
- 80 жаштан жогору адамдар үчүн эмделбегендер арасында адам өлүмү 8,5 эсе көбөйүүдө;
- ооруканага жаткырууга муктаждар арасында эмделгендерге караганда эмделбегендер 3,5 эсе көп;
- Омикрон BA.5 штаммына карата алганда вакцина үч дозаны алгандарды илдетти жуктуруудан 52%, оорунун оор өтүшүнөн – 86% коргойт;
- инфекцияны кайра жуктуруу тобокелдиги 11% деңгээлинде бааланат.