Ысык-Көлдө жарандарды мыйзамсыз учуруп жүргөндөрдүн мотодельтапланы алынды

Ысык-Көлдө эч кандай уруксат кагаздары жок мотодельтаплан менен жарандарды көлдүн үстүнөн учуруп жүрүшкөндөрдүн мотодельтапланы алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, август айынын баш ченинде кыргыз сегментинин социалдык тармактарында видеотасма таркатылып, анда Бостери айылында жайгашкан "Тулпар" эс алуу жайынын көл жээгинде белгисиз адамдар жасалма мотодельтаплан менен жарандарды көлдүн үстүнөн учуруп жатышкандарын жана эс алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгын билдиришкен.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылган.

Териштирүү учурунда, аталган жасалма мотодельтаплан Бостери айылынын 42 жаштагы тургуну А.У.га таандык экени аныкталган. Өзүнүн көрсөтмөсүндө 2022-жылдын июль айынын аяк чендеринде өзүнө тааныш И.Ч. аттуу жараан менен Бишкек шаарынан Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жайгашкан "Тулпар" жана "Толкун" эс алуу жайынын ортосундагы ачык көл жээгине алып келишип, кардарларды көлдүн үстүнөн акча төлөм менен учуруп жүрүшкөнүн айтып берген.

Бирок, териштирүү учурунда аларда мотодельтапланды учурууга жана кардарларды ташууга уруксат кагаздары жок экендиги, милиция кызматкерлери тарабынан аныкталгандыктан, учуу аппараты териштирүү мезгилине убактылуу токтотулган.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан укук бузуулар жөнүндө кодексинин 150 (Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу) беренесине ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД