"Эмират" кайрымдуулук уюму калкка суу скважинасын орнотуп берди

Ар бир бөбөктүн саламаттыгы үчүн, ар бир үй-бүлөгө таза суу жеткиликтүү болуусу кажет.

"Эмират" кайрымдуулук уюму суу скважиналарын орнотууга, айыл кыштактарга суу чыгарууга өзгөчө маани берет. Сокулук районуна караштуу 2000 жашоочусу бар "Луч" айылында орнотулган кезектеги таза суу скважинасы даяр болуп, элге колдонууга өткөрүлүп берилди. Скважина 90 метр тереңдиктен, 1 минутасына 14 куб суу чыгарат.

Суу скважинасынын демөөрчүсү Ахмед АльАмри мырза жеке өзү буга чейин тургундардын муктаждыктарын байкап, скважинадан тышкары мектеп, бала бакча, үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунан турган комплексти куруу демилгесин колдоп, жеке өзу каржылоодо. Учурда курулуш иштери кызуу журуп жатат жана аз убакыттан соң колдонууга берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД