УКМК №61 мектеп-лицейинин директору СИЗОго киргизилди

УКМК No61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ю.Н. (Низовский Юрий Николаевич) тарабынан уюштурулган, окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алууга жол берген туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Атап айтканда, Низовский балдарды мектептин биринчи классына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алууда көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган фактылары аныкталган.

"Мүлктөрүн жашыруу үчүн Низовский өзүнүн жакындарынын жана ишенимдүү адамдардын атына мыйзамсыз болушу мүмкүн болгон мүлктөрдү каттатып койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана анын жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк: жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени, болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын экендиги аныкталган.

Ошондой эле анын кабинетинде, жашаган жериндеги батирде жана дачасында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, ошондой эле жогорудагы мүлктөргө укук белгилөөчү документтер табылган", - деп айтылат комитеттин маалыматында.

Юрий Низовский кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД