Унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 70 млн сом каражат түштү

Унаалардын айнектерин караңгылоого уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемеси 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылоого уруксат берүүнү каттоо процедурасы башталганын эскертет.

2022-жылдын 8-августуна карата 864 уруксат берүү катталып, республикалык бюджетке 69 млн 740 миң сом түштү.

Уруксатты каттоого ниеттенген баардык адамдар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт же ишеним кат менен ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот.

Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.

Уруксат берүүнүн наркы:

- жеке адамдар үчүн - 80 миң сомду,

- юридикалык жактар үчүн - 100 миң сомду,

- резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД