Бишкек – Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 – Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД