"Танк биатлону". Кыргызстандын командасынын атаандаштары белгилүү болду

Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде "АрМИ-2022" оюндарынын алкагында өтүүчү "Танк биатлону" боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады.

КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү.

Ата мекендик команда жарышка 14-августта чыгат.

Эскерте кетсек, "АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД