Орусияда кыргыз биометрикалык паспортторду кошумча текшерилүүдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспортторун кошумча текшерүү боюнча маалыматты изилдеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспорту 2021-жылдан тарта киргизилген.

Мекеменин маалыматына караганда, ал чет мамлекеттерде белгиленген тартипте мыйзамдаштырылып, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына туура келет.

Басма сөз кызматы да бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД