Борбор калааны көрктөндүрүүгө салым кошкон демөөрчүлөр сыйланды

Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында борбор калааны көрктөндүрүүдөгү салымы жана активдүүлүгү үчүн демөөрчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

Ыраазычылык каттарды Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиев тапшырып, ыраазычылык билдирди.

Администрациянын ыраазычылык каттары төмөнкү ишканаларга тапшырылды:

- "МБС" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Бийик курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Ихлас" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Неман-Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Илбирс" ачык акционердик коому;

- "Демир-Банк" ЖАК;

- "Файз" кафеси;

- "Шоро" компаниясы;

- "Партнер Ойл" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Эйр Манас" компаниясы;

- "Бишкек курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Береке Билдинг" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Шнос" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Адал Азык" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Алтын Канат Хаус" турак жай ээлеринин ассоциациясы;

- Европадагы Коопсуздук жана Кызмат Уюму ЕККУ;

- Чили Республикасынын өкүлчүлүгү;

- "Памир Строй" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Ихсан Строй" жоопкерчилиги чектелген коому;

- "Түркстан" жоопкерчилиги чектелген коому.

Ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык каттар тапшырылды:

- Асаналиев Садарбек Азимович - "Түндүк электр" ААКсынын айдоочусу;

- Бекиев Сардар Кырмаевич - "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын айдоочусу;

- Ибраимов Нурлан Таалайбекович - "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын айдоочусу;

- Салхов Алексей Камильевич - "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын айдоочусу.

Бишкек шаарынын мэриясы борборубуздун көркүнө көрсөткөн колдоосу жана салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД