"Үй-бүлөгө көмөк" алгандар социалдык келишим түзө алышат

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Бишкектин Биринчи май районунда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул долбоор үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга дем берүү, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу, үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Социалдык келишимде ар бир үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомго чейин социалдык жардам каралган.

Социалдык келишим - аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим, ага ылайык аймактык бөлүм муктаж үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүгө, Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД