Баткен облусунда МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат

Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул иш-чаранын алкагында Кадамжай РИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен бригадаларды түзүп, иш-чараларды улантууда.

Чогуу иш алып барган бригадалар А.Масалиев айыл аймагындагы жашаган жергиликтүү тургундардын бангилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 ГА жерди карап чыгып, болжол менен 5тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД