Нарын шаарындагы тергөө изоляторунда өрттү өчүрүү боюнча машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасында өрт жана табигый кырсыктардын санынын көбөйүшүн эске алып, өрт коопсуздугунун алдын алуу жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Нарын шаарындагы No24 мекемесинин администрациясы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамы менен биргеликте өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча машыгууларды өткөрүштү.
Окууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 адиси жана тергөө изоляторунун 30 кызматкери катышты.