Оорукчан соттолгондор Молдовановкадагы абакта дарыланышууда

Бишкектеги №47 мекемедеги оорукчан соттолгондорду Молдовановкадагы №31 мекеменин дарыгерлери кабыл ала башташты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын борбордогу №47 түзөтүү мекемесинин жоюлуп жаткандыгына байланыштуу, буга чейин көптөгөн адамдар дарыланышкан адистештирилген оорукана эми Чүй районунун Молдовановка айылындагы №31 атайын дарылоочу түзөтүү мекемсинин (ДТМ) аймагында кабыл ала бштады.

Мекеменин атайын даярдалган обочолонгон бөлүгүндө 60 керебетке ылайыкталган палаталар даярдалды. Бул жерде керектүү жабдуулар жана дары-дармектер бар, Мекеме хирургиялык, терапиялык, наркологиялык жана нейропсихиатриялык ооруларды камтыган соматикалык симптомдору бар бейтаптарды дарылайт.

Бүгүнкү күндө ар кандай диагноздор менен 9 соттолгон дарыланып баштады. алардын бири өмүр бою эркинен ажыратылгандар категориясына кирет.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн 50 керебеттин резерви жана өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн да керектүү орундардын саны даярдалды.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда №31 түзөтүү мекемесинде чоң, көп кырдуу, заманбап ооруканын имаратынын курулушу кызуу жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД