Эмгек министрлигине 11 млн сомдук IT жабдуулары берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 11 млн сомдук IT жабдуулары берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому (GIZ) тарабынан "Ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү" долбоорунун алкагында берилген.

Министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жабдуулар эмгек рыногунун маалыматтык тутумун кеңейтүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн региондук иш менен камсыз кылуу кызматтарына жөнөтүлөт.

"Министрлик жарандардын ар кандай категориялары үчүн окуу курстарын, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мониторингин камтыган санариптик платформаны иштеп чыгууда. Жаңы система эмгек рыногунун маалыматтык тутумунун функцияларын дагы кеңейтет. Системаны пилоттук түрүндө иштетүү үчүн 30 райондо жүргүзүлөт, алынган жабдуулар ишти натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет", - деди министр.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Германия менен кызматташуу бул долбоор менен гана чектелбейт.

"Биз Германиянын профилдик министрлигине кызматташтык жөнүндө меморандум жөнөттүк, бул биздин өз ара аракеттешүүбүздү системалуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет. Ушул жылы Эмгек министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык "медайымдык иш" адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Иш бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим, жаңы тажрыйба алып келишет", - деди ал.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил айткандай, үстүбүздөгү жылы кыргыз-герман мамилелерине 30 жыл толду жана бул долбоор кызматташуунун кийинки 30 жылдык этабынын башталышы болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД