Улуттук сыйлык быйыл 10-ирээт берилет жана сынакка 2020-2021-жылдары тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Анда сыйлыктар жалпысынан 18 номинацияда ыйгарылат:
"Мыкты тасма";
"Мыкты режиссёр";
"Мыкты сценарий";
"Мыкты оператор";
"Мыкты сүрөтчү";
"Мыкты композитор";
"Мыкты үн режиссёру";
"Мыкты монтаж";
"Эркектин мыкты ролу";
"Аялдын мыкты ролу";
"Мыкты даректүү тасма";
"Мыкты кыска метраждуу тасма";
"Көрүүчүлөр жактырган тасма";
"Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн";
"Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн";
"Борбор Азиянын мыкты тасмасы";
"Борбор Азиянын мыкты актёру";
"Борбор Азиянын мыкты актрисасы".
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 30-августта Бишкекте өтөт.
"Ак илбирс" кино сыйлыгы жыл ичиндеги эң мыкты кинемотография адисин, ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.