6 айда Кыргызстанга чет өлкөдөн 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулду

2022-жылдын алты айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 94,26 миллион долларга көп. Которулган акчанын 97%ы же 1 млрд 284,14 млн доллары Орусиядан келген. АКШдан 26,86 млн доллар, башка өлкөлөрдөн 28,89 млн доллар которулган.

Июнь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү дагы өскөн. Июнда Кыргызстандан жалпы 85,7 млн доллар чыгарылса, анын 82,3 млн доллары Орусияга кеткен. Жарым жыл ичинде сыртка жалпы 361,71 млн доллар чыгарылган.

Өткөн жылы Кыргызстанга сырттан которулган акчанын көлөмү 2 млрд 756,24 млн долларды түзгөн. Кыргызстандан башка өлкөлөргө 562,77 млн доллар которулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД