Бишкекте эскирген троллейбус линиялары алмаштырылды

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде эскирген троллейбус линияларын алмаштырууну аяктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, линиялар төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:

- Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Сүйөркулов көчөсүнө чейин;

- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй проспектисине чейин;

- Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Москва жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Манас проспектисине чейин;

- Киев көчөсүнөн Логвиненко жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин.

Троллейбус линияларын алмаштыруу иштеринде ишкананын энерго чарба бөлүмүнүн 12 кызматкери иштеди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД