Караколдогу аэропортту реконструкциялоо үчүн подрядчы изделүүдө

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК "Каракол" эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн 3 лот боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

№1 лот – "Каракол" эл аралык аэропортунун жаны аэробекетин куруу" долбоору боюнча курулуш-монтаждык иштери";

№2 лот – "Каракол" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин (УКТ) 400 метрге узартуу менен бирге аэродромдун элементтеринин төшөлмөсүн реконструкциялоо";

№3 лот – "Каракол" эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу боюнча жабдыктарды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштарды жүргүзүү, аэродромдогу шамалдын багытын аныктоочу жабдыктарды жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу".

"Конкурстук табыштамаларды – 1 түпнуска, 2 көчүрмө – толугу менен чапталган конвертте берилиши зарыл (дареги көрсөтүлгөн конверт электрондук түрдө конкурстук табыштаманын толук пакетинин мазмунун камтууга тийиш). Конкурстук табыштамаларды төмөнкү дарекке жеткизүү талап кылынат: Бишкек ш., "МЭА" ААК, Административдик имарат. Телефон: 0312 69 34 06", - деп айтылат маалыматта.

Конкурс тууралуу маалымат www.tenders.kg, www.tender-smart.com сайттарында жарыяланган.

Конкурстук документтер 2022-жылдын 23-августунда саат 15.00 ачылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД