Сүлүктүдө милиция калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Сүлүктүдө милиция кызматкерлери калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери шаар аймагындагы тургундардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана укук бузуулардын алдын алуу максатында паспорттук режимдерди өткөрүүдө.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө батир уурулуктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.

Сүлүктү шаарында жалпысынан 803 үй текшерилип, бир жаран Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 5 суткага камакка алынып, 57-берененин негизинде (ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) бир жаранга протокол толтурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД