Эми эмдөөнүн кереги жокпу? Жооп

Учурда COVID-19ду жуктуруп жаткандардын көпчүлүгү жеңил жана орто оордукта ооруп жатышат. Ошондуктан коомдо эми эмдөөнүн кереги жок деген пикир жүрүүдө. Бул туурабы? Бул суроого КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборунун башкы дарыгери Наталья Добрынина жооп берди.

- Азыркы учурда оорунун өтүшү эле эмес, бир топ адамдарда бир жылга же андан көпкө созула турган узак мөөнөттүү постковиддик синдром коркунучтуу. Ал катуу астения, неврологиялык симптомдор жана башка бир катар көрүнүштөр, анын ичинде тромбоз түрүндөгү кесепеттер, инсульттан кийинки тобокелдиктер, инфаркттар, бронхалык-өпкө патологиясынын прогресси, жүрөк-кан тамыр оорулары менен коштолот. Карылар, өнөкөт оорулары бар адамдар коркунучта. Эмдөө ушул кыйынчылыктарды болтурбоону шарттайт. Ошондой эле эмдөөдөн өтүү катуу оорулардын жана бул илдеттен улам өлүмдөрдүн алдын алууга жардам берет, - дейт КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборунун башкы дарыгери Наталья Добрынина.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД