Кызыл-Кыяда "өспүрүм-тилемчи" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин начальнигинин демилгеси менен 2022-жылдын 10-11-август күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жайкы каникул убагында кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында "Өспүрүм-тилемчи" аталыштагы иш-чара өткөрдү.
Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан "Таштемир-Ажы" борбордук базарын текшерүүгө алганда Ош шаарынан келген лөлү улутундагы 10 жаран жаш балдары менен кайыр-тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайрадан жашаган жерине жөнөтүлдү.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдарды кароосуз калтырган 3 факты аныкталып, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде ата-энелерине протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.