Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө

Жазаларды аткаруу тутумунда эртең тарыхый дата. Мындан туура 20 жыл мурун Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы (ГУИН) Ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөн. Ал эми 2003-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын № 197 "Жаза-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынып, азыр жыл сайын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.

Датаны расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-сентябрындагы № 609 - токтому менен бекитилген.

12-август ЖАКнын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн көп сандаган кызматкерлери, ошондой эле республика боюнча жайгашкан мекемелердин өздүк курамы үчүн эң маанилүү күн.

Бул майрамга карата бардык жерде ар кандай майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.

Маселен, бүгүн Бишкектеги ЖАКнын Борбордук аппаратында төраганын биринчи орун басары полковник Кемель Садыковдун куттуктоо сөзү жана гимндин жаңыруусу астында жаш кызматкерлердин бүтүндөй тобу Мекенге кызмат кылууга берилгендиктин ант беришти.

Ошондой эле бүтүндөй коллектив кол чабуулар менен медалдар, Ардак граммоталар жана жаңы наамдар менен сыйланышкан кесиптештерин куттукташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД