Нарында жаш жигитти сабап, опузалап телефонун тартып алгандар кармалды

"2022-жылдын 6-август күнү саат 01:00 чамасында белгисиз 6-7 бала Нарын районунун Миң-Булак айылына келип, мени чакырып ур токмокко алышып, өзүмө тиешелүү уюлдук телефонумду тартып алышып, телефонумду сураган учурда 17000 (он жети) миң сом опузалап талап кылып жатат. Ушул адамдарды таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү сурайм", - деп Нарын районунун Миң-Булак айылынын 1999-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну милицияга кайрылган.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факт Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучу Н.Адан телефон аркылуу Нарын шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Б.К. коркутуп, 17000 сом акчаны Нарын шаарында жайгашкан эс алуучу жайга алып келип берүүсүн талап кылган.

Бул окуя боюнча атайын ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп, жабырлануучу аталган аймакка барган учурда, ал ала барган 6000 миң сом алып барып бергендиги аныкталган.

Шектүү Б.Кга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД