60 жаштагы жана андан жогорку курактагы COVID-19га каршы вакцинанын 1 жана 2-дозасын алган адамдарга 4-6 айдан кийин вакцинанын 3-дозасы сунушталууга тийиш. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 60 жаштан өйдө адамдарда эки дозаны алгандан кийин иммунитет жаштарга караганда начар калыптанары белгиленген.
Үчүнчү дозаны алуу кыйла жогорку иммунитетти калыптандырууга жардам берет.