Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы тоолуу аймактарды кыдырууда

Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы тоолуу аймактарга барды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы бүгүн, 11-август күнү район борборунун 80 чакырымдай алыстыкта жайгашкан тоолуу Майдан, Чаувай айылдарына барды.

Бул демилгени Кадамжай РИИБдин начальниги демилгелеп, Кадамжай райондук мамлекеттик администраициясынын, жергиликтүү жерге каттоо бөлүмүнүн, калкты тейлөө борборунун, ӨКМ, салык кызматынын өкүлдөрү менен чогуу барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда элеттиктер өздөрүнүн көйгөйлүү социалдык маанидеги суроо-талаптарын беришти. Айрым бир маселелер жеринде чечилди.

Топту жетектеп барган Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев жергиликтүү тургундарга кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Эгерде мыйзамсыз сакталган курал-жарактарыңыздар болсо, кайрылыңыздар мыйзамдаштырып берели. Коопсуздуктун алдын алууга биргеликте аракет кылалы" деп кайрылып кетти.

Жыйналган элдер жашап жаткан айылдары тынч экендигин билдирип, ошол аймактарда иштеген милициянын участкалык уполномоченныйларына өз ыраазычылыктарын билдирип өтүштү


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД