Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы мал базарга барып эл менен жолукту

Милициянын көчмө кабылдамасы Раззаков шаарындагы мал базарда 11 арызды кабыл алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алктын коопсуздугун сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Лейлек РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы 2022-жылдын 11-август күнү шаардагы мал базарга барып элдер менен жолукту.

Милициянын көчмө кабылдамасына мал базарга келген жарандардын 11 социалдык маанидеги арыздар менен кайрылды. Карйылган жарандарга сервистик тейлөөлөр көрсөтүлүп, юридикалык кеңештер милиция кызматкерлери тарабынан берилди. Бүгүнкү күндө катталган 11 арыз, тиешелүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД