Ислам шериктештиги оюндары: Эрназар Акматалиев жеңүүчү болду

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев үч атаандашын утуп, финалга жолдомо алды. Алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык беттеште Акматалиев 6:0 эсебинде ирандык балбанды жеңди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД