Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек - Кара-Балта унаа жолун оңдоп түзөөгө байланыштуу Д.Сяопин жана Б.Алыкулов көчө кесилиштери жабылат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-августтан тартып, 24-августка чейин Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоп түзөөгө байланыштуу Д.Сяопин көчөсүнүн Кустанайский көчөсүнөн тартып, Ключевая көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу 10 күнгө жабылат. Ошондой эле Б. Алыкулов көчөсү Д.Сяпин көчөсүнүн кесилишкен жеринен тартып, Белогородский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Жогорудагы чектөөлөрдү эске алып, кайгуул кызматы айдоочулардан жолдо жүрүү учурунда маршурттук жолду алдын ала пландоо менен кошумча альтернативдик жолдор менен жүрүп турууну өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД