Баткен милициясына укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү үйрөтүлдү

Баткен ОИИБдин айрым бөлүмдөрүнө усулдук окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын, эсктремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамына укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин окутулуп, үйрөтүлдү.

Баткен облустук прокуратурасынын укуктук-статистикалык жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы М. Жуманалиев, бөлүмдүн прокурору А.Касымовтор Кыргыз Республикасынын башкы прокуратура тарабынан жаңы кабыл алынган мыйзам актыларын, ошондой эле укук бузуулар боюнча материалдарды эсепке алуунун автоматташтырылган мамлекеттик тутумунун иштешинин бирдиктүү принциптери жана тартибин кызматкерлерге бир катар окутуп үйрөттү.

Окутуп, үйрөтүүдө жарандар тарабынан катталган арыздар маалыматтардын электрондук журналына туура жана так катталуусу, бузуулардын бирдиктүү реестринин иш тартиби боюнча суроо-талкуулар болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД