BioNTech жана Pfizer варианттарынан жаңы вакцинаны сыноону баштады

BioNTech жана Pfizer BA.4/5 варианттарынан жаңы вакцинаны клиникалык сыноону баштады. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинде BioNTech жана Pfizer SARS-CoV-2 - BA.1 омикрон штаммынын жана кеңири тараган BA.4/5

түрдүү сублинияларына каршы биваленттик вакциналарды өндүрүүгө киришти.

Клиникалык изилдөө ийгиликтүү жүргөн жана жөнгө салуучулар тарабынан жактырылган шартта 2022-жылдын октябрында вакциналарды ташуу башталышы мүмкүн.

Отчетто ошондой эле BioNTech изилдөөчүлөрүнүн преринти эскертилет, алар мРНК-вакциналардын BNT162b2 үч дозасы ооруп өткөн BA.2 омикрон инфекциясы менен бирге антителолорду пайда кылууну шарттайт, алар коркунуч жараткан бардык варианттарды, аны менен бирге BA.2.12.1 жана BA.4/BA.5 омикрон сублинияларын нейтралдаштырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД