Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат

Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул иш-чаранын алкагында Баткен РИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары өздөрү тейлеген Баткен районунун айыл аймактарында Зарташ, Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы ээн талааларда, кароосуз калган жерлерде, ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды өрттөп жок кылышты.

МАК-2022 аталышындагы иш-чаранын экинчи этабы август айларынын орто ченинде башталды. Жогорудагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте 2 бригадага бөлүнүп алып иш алып барышты.

Жалпысынан 9ГА жер кароого алынып, 2200 кгдай жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД