Бишкекте коммуналдык кызматтар үчүн техниканы лизингге сатып алат

Бишкек мэриясында коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда кол коюлду.

Мэриядан белгилешкендей, жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда.

"Жаңы техникалар "Бишкекжарык", "Тазалык", "Бишкексуучарба", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулары күтүлүүдө. Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген сугаруучу унаа жана башкалар", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД