Бишкекте кайгуул милициясы тарабынан коомдук унаалар текшерилүүдө

Кайгуул кызматы тарабынан коомдук унаалар текшерилип, 70 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте шаар ичинде жана шаардан сырткары аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унааларды жана автобустарды текшерүүгө алып, кошумча жабдыктарды өз алдынча орнотуп алган (кошумча орундуктар, жарык берүүчү каражаттар ж. б.) жана техникалык кемчиликтер үчүн жалпысынан 70 миң сомго айып салуу менен аларды орундатуу боюнча эскертүүлөрдү беришти.

Текшерүү учурунда эртеменен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталып, аларды орундатуу боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД