Ысык-Көл электр тармактар ишканасы түзүлдү

"Чыгышэлектр" ААК кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКнын филиалы болуп "Ысык-Көл электр тармактар ишканасы" түзүлдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 12-августта "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмасбек Жумакадыров Ысык-Көл электр тармактарынын жамаатына ишкананын жаңы жетекчилигин тааныштырды.

Директорлор кеңешинин протоколунун жана "КУЭТ" ААКнын буйругунун негизинде Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетектөөчү кызмат ордуларына төмөндөгүлөр дайындалды:

1. Паизов Азамат Мамазакирович - директор

2. Айкымбаев Темир Абдылдаевич - башкы инженер

3. Жороев Нурсултан Назарбекович - электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары

4. Тынаев Айдарбек Асанович - директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары

5. Шадыканов Болотбек Искендербекович - башкы инженердин орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД