Быйыл жети айда мамлекеттик карызды төлөөгө 18,8 млрд сом жумшалган

Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө ушул жылдын жети айында 18 миллиард 880,2 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы карызды төлөөгө 12 миллиард сом жана ички карызды төлөөгө 6,9 миллиард сом кеткен.

2021-жылы жарым жылдыкта (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптап, рекорд койгон.

Расмий маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 157 млн долларды түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД