
Ковидден кийинки 200дөн ашык потенциалдуу белгилер бар. Бул тууралуу COVID-19: Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар органдардын 10 системасында болот.
Жакында эле The Lancet медициналык журналында жарыяланган изилдөө ковидден кийинки 200дөн ашык потенциалдуу белгилерди аныктаган, алар органдардын 10 системасында болот, 66 белги демейде жети айдан ашык убакытка созулат.
Изилдөөчүлөр 60 өлкөдөн ковидге чалдыккан же чалдыкты делген дээрлик 4 миң адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн, аларда оору бир айга жана андан ашык мезгилге созулган.
"Омикрондун" жеңил вариантынан кийинки бейтаптарга байкоо жүргүзгөн дарыгерлер аларда "Дельта" жана башка буга чейинки штаммдарга караганда чаалыгуу өтө узакка созуларын белгилешүүдө. "Буга чейинки варианттар неврологиялык, психикалык жана когнитивдик көйгөйлөрдү кыйла көбүрөөк пайда кылган сыяктуу. Бирок акыркы убакта чаалыгуу бир кыйла маанилүү фактор болууда", - дейт Джонс Хопкинс университетинин өпкө жана калыбына келтирүүчү медициналык жардам кафедрасынын доценти Панагис Галиатсатос.
Заманбап вакциналар өлүмдү жана оорунун оор өтүшүн олуттуу түрдө төмөндөтүүгө жөндөмдүү экендигин далилдегени менен, SARS-CoV-2 инфекциясынын жайылышын жана постковиддин алдын алуу жөндөмүн көрсөтө элек.
Арижит Чакраварти жетектеген изилдөө тобунун моделдөөсү эмдөө алган, бирок вируска каршы чараларды көрбөгөндөр келечекте жылына бир же эки жолу COVID-19 жуктуруп алышарын көрсөтүп турат.
Бүткүл дүйнө вакцинацияланган жана сактык чаралары көрүлбөйт жана адам инфекция жуккан сайын постковидди жуктуруп алуу 10% шансы бар деп ойлосок, жер бетиндеги ар бир адам жыл сайын ковидден кийинки илдетке чалдыгуусу 5% деңгээлде мүмкүн дейт Чакраварти. Анын эсептөөлөрү боюнча, үч жыл ичинде постковиддик ооруларга чалдыгуу мүмкүндүгү 14% түзөт.
Постковиддин себептери алигиче так аныкталган эмес жана анын бардык белгилерин четтетүүгө жардам берген дарылоо жок.