Ислам тилектештик оюндары: Кыргызстан 9-орунда

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 56 өлкөнүн ичинен 9-орунда турат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында жалпы 6 алтын, 5 күмүш, 4 коло медаль бар. Кыргызстандык спортчулар аталган байгелердин 14үн күрөш, ал эми бирөөнү сууда сүзүү боюнча мелдеште алышты.

Алтынды күрөш боюнча мелдеште Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алды.

Ал эми күмүштү балбандар Үзүр Жусупбеков, Тынар Шаршенбеков, Алмаз Сманбеков, Калидин Асыкеев, Амантур Исмаилов тагынды.

Ошондой эле коло байгеге балбандар Дилназ Сазанова, Атабек Азисбеков, Нуртилек Карыпбаев жана суучул Денис Петрашов татыды.

Ислам тилектештик оюндарында байгелердин саны боюнча биринчи орунда Түркия турат. Аларда 60 алтын, 59 күмүш жана 50 коло, жалпы 169 медаль бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД