Баткендеги жатак абакта ЖАК кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди

Баткен районундагы №43 жатак абакта Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 жылдан бери жыл сайын белгиленип келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү №43 жатак абакта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелериндегидей эле майрамдык салтанаттар өткөрүлдү.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак Грамоталарды тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде кызматта өзгөчөлөнгөн кесиптештер да мекеменин администрациясы тарабынан начальник, и/к полковниги Кимсан Эрматов тарабынан сыйлыктар тапшырылып, салтанаттуу кырдаалда медалдарды тапшырып, көптөгөн жылуу сөздөрүн айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД