
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жакындарынын берген маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-августта Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракка чакырылган болчу.
Ошондой эле, кечээ, 14-августта Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди милиция кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн алып кеткени белгилүү болгон. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоодогу кен боюнча жасаган кайрылуусуна байланыштуу суракка алынып жатканы айтылган.