
Кайгуул кызматкерлери авто ээнбаштык кылган айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү авто унаанын арткы багажына белгисиз жаранды салып, буту көрүнүп, колу чыккан абалда унаа жүрүп бара жаткандыгы боюнча видео тасма жарык көргөн.
Маалыматка караганда, бул видео тасма чыгаар замат кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, изи суй электе Ош базарынан жогорудагы авто унааны табышкан.
Тактоо учурунда "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган К.А. аттуу айдоочусу өз сөзүндө унаанын багажындагы жаран тууган агасы экендиги жана мас абалында болгондугун айтып, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен унаанын багажына салып, Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга алып келип жаткандыгын билдирген.
Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуга карата авто ээнбаштык жасагандыгы жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн, эки протокол толтурулуп, 8500 сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Кайгуул кызматы айрым айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.