COVID-19: Эмдөө аялдардын этек кирине таасир береби?

Эмдөө учурунда аялдардын этек кир цикли бир аз өзгөрүшү мүмкүн, бирок тез калыбына келет. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай бүтүмгө Гарвард илимпоздору келишкен (preprint).

Алар эмдөөнүн аялдардын этек кир циклинин узактыгынын өзгөрүшү менен байланышын изилдешкен:

• окумуштуулар 14 915 катышуучунун тобунда лонгитюддук Apple Womens Health Study (AWHS) изилдөө жүргүзүшкөн;

• изилдөө 2019-жылдын ноябрынан 2021-жылдын декабрына чейинки мезгилди камтыган;

• 55% пайыз эмделген катышуучулар Pfizer-BioNTechs мРНК вакцинасын алышкан, 37% Modernа вакцинасын, 7% Johnson & Johnson / Janssen вакцинасын алышкан;

• катышуучулар кош бойлуу эмес, бала эмизбеген же гормоналдык контрацептивдерди колдонбогондор болушкан;

• авторлор эмдөө менен этек кир циклинин узактыгынын ортосундагы байланышты менструалдык цикл учурунда (б.а. фолликулярдык же лютеиндик фазада) вакцинанын дозасын колдонуу убактысы боюнча салыштырышкан.

Окумуштуулар эмдөөгө чейинки эмделбеген жана эмдөөдөн өткөн катышуучулардын этек кир циклинин орточо узундугунун ортосундагы айырмачылыктын эч кандай далилин табышкан жок.

Жыйынтыктары:

COVID-19га каршы эмдөө жалпысынан этек кир циклинин узундугунун дароо кыска мөөнөттүү көбөйүшү менен байланыштуу болгон, бул сыягы, фолликулярдык фазада алынган дозалардан улам болгон. Бирок, бул өсүштүн чоңдугу кичине болгон жана эмдөөдөн кийин ар бир циклде азайып турган. Циклдин узактыгы менен эч кандай байланыш узак убакыт бою сакталган эмес. Эмдөө менен байланышкан өзгөрүүлөрдүн чоңдугу изилденүүчү калктын табигый өзгөрмөлүүлүгүнүн чегинде болгон.

Бүтүм:

COVID-19га каршы эмдөөдөн кийинки этек кир циклинин өзгөрүшү бир аз жана убактылуу көрүнүп, адамдарга эмдөөдөн өтүүгө тоскоол болбошу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД