
Баткенде жаш өспүрүмдөргө көзөмөл күчөдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен шаарында милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынын алдын алуу боюнча күн сайын иш-чараларды жүргүзүүдө.
Баткен шаарынын милиция кызматкерлери Баткен, Төрт-Гүл, Кызыл-Жол каналдарында көзөмөлсүз, өз алдынча сууга түшүп жаткан жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле каналдардын бойлорунда жашаган үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди өткөрүп, эскертүү актылары берилүүдө.
Милициянын көчмө кабылдамасында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте атайын рейддер уюштурулуп, кооптуу каналда сууга түшүгө тыюу салынгандыгын жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле канал бойлорунда жашаган жарандарга 37 кожолук текшерилип, 73 чоң жаран, 18 өспүрүмгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.