Бүгүнтөн тарта Бишкек-Балыкчы поезд каттамы жанданат

Бүгүн, 15-августан тарта Бишкек-Балыкчы багыты боюнча республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал борбордон Бишкек-2 станциясынан саат 7.40та чыгып, Рыбачье станциясына 11.42де келет. Поезд Рыбачье станциясынан кайра саат 17.48де жөнөп, Бишкек-2 станциясына 21.50дө келет.

Билеттердин баасы вагонуна жараша өзгөрөт: кадимки вагон – чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом, люкс вагону – чоңдор үчүн 500 сом, балдар үчүн 250 сом.

Эске салсак, Боом капчыгайындагы селдин кесепеттеринен улам Бишкек-Балыкчы поезди убактылуу токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД