Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүүдө

Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул иш-чаранын алкагында Лейлек РИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары өздөрү тейлеген Лейлек районунун айыл аймактарында Бешкент айыл башчылары менен биргеликте Бешкент айыл аймагындагы жапайы кара куурай өскөн жерлерди тактап ээн талааларда, кароосуз калган жерлерде, ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайларды жеринде өрттөп жок кылышты.

Жалпысынан жапайы кара куурай өсүмдүгү болжол менен 400 кгдай Бешкент айыл аймагынан өрттөлүп жок кылынды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД