
Кыргызстанда бир жумада, 8-14-августта, COVID-19дун жаңы 527 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, амбулатордук дарыланууда - 389, ооруканага жактырылгандар – 138.
2022-жылдын 7 ай 14 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 450 учуру катталган, анын ичинде 18 436 (90,2%) учур лабораториялык түрдө жана 1994ү (9,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.